Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 27.09.2018 13:18

Кызыл-Кыя шаары менен Ноокаттын талашына түшкөн цемент завод (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыя цемент заводунун айланасындагы талаш-тартыш чечиле элек. Ал эми жергиликтүүлөр завод Ноокат районуна өткөндөн бери өкмөткө нааразы.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин демилгечи депутаттарынан түзүлгөн комиссия бүгүн, 27-сентябрда АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулушуп, Кызыл-Кыя шаарын өнүктүрүү үчүн курулган цемент завод кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынын айынан Ноокат районуна өтүп кеткенин айтышты. Жарандык жактоочу Сайдикасым Эрмеков завод өкмөттүн токтомунун негизинде Кызыл-Кыя шаарын өнүктүрүү үчүн курулганын, бирок кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынан Ноокат районунун карамагына өтүп кеткенин айтып, буга биринчи кезекте өкмөттү күнөөлөдү.

«Кызыл-Кыя цемент заводу Феликс Кулов премьер-министр болуп турган убакта Кызыл-Кыя шаарын өнүктүрүү үчүн курулган. Ошондон бери заводдо жергиликтүүлөр иштеп келе жатат. Расмий документтерде да Кызыл-Кыя шаарына караштуу деп турат. Биздеги документтер боюнча цемент завод жайгашкан аймак шаарга караштуу. Бизде бардык керектүү документтер турганына карабай өкмөттүн өзүнүн 284-сандуу токтомунун негизинде Ноокат районуна өткөрүлүп калган. Мында бир эле адамдын кызыкчылыгы болуп жаткандай.

Кыргызстандын тышкы чек аралары такталып бүтө элек. Мамлекет тышкыны коё туруп, ички чек араларды такташы керек. Болбосо бир аймактагы эл бири-бирине каршы болуп жатат. Бул ишке биринчи кезекте өкмөт күнөөлүү», - деди С.Эрмеков.

Кызыл-Кыя шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдуганы Абдукадыровдун пикири боюнча, документтер кылдаттык менен каралып чыкпастан, токтомго кол коюлуп калган. Бул көрүнүш кызыл-кыялыктарды ирээнжитип жатат.

«Өкмөт биринчи кезекте Жогорку Кеңештин мыйзамын бузуп жатпайбы. Мыйзамды бузуп, токтом чыгарып коюп жатат. Мыйзам дегенди өкмөт аткарбаса анда ким аткарат? Ошондуктан президенттен суранабыз, бул ишти кылдат карап, адилеттү чечүүнү күтөбүз», - деди А.Абдукадыров.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Сүйүнбек Курванбаев бийликтен Баткен облусуна да көңүл бурууну суранды

«Ушул цемент заводдун артынан АКИпресске келип отурабыз. Ушул эле маселенин айынан Кызыл-Кыя шаарынын жаштары менен Ноокаттын жаштарынын ортосунда келишпестиктер чыгып жатат. Коррупция менен күрөшүү боюнча байма-бай айтылып келет. Бирок бул жакта мыйзамсыз иштер болуп жатканынан кабар жок окшойт. Андыктан президенттен ушул иштерге чекит коюуну суранабыз», - деди С.Курванбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×