Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.09.2018 18:19 На русском

Баткенден Бишкекке жөө жүрүш: Каза болгон адамдын жакындары күнөөлүү айдоочу жаза алышын талап кылууда

Turmush -  26-августта Кызыл-Кыя шаарында унаа кырсыктан каза болгон Нышанбай Маманазаровдун үй-бүлөсү чындап күнөөлүү айдоочу табылып, жазага тартылышын талап кылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маркумдун эжеси Толгонай Маманазарованын айтымында, инисинин артында жубайы 3 баласы менен калды.

«25-августтан 26-августка караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаев көчөсүнүн кесилишинде белгисиз унаа менин бир тууган иним Нышанбай Маманозаровду койдуруп, кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен. Ага шектүү катары Баткен районунун Бужум айылынын 21 жаштагы тургуну кармалды. Бирок ал мойнуна албай жатат. Эгерде шектүү күнөөлүү эмес болсо, чыныгы күнөөлүүнү табууну талап кылабыз», - деди ал.

Маркумдун жубайы Айнагүл Кунаева жолдошу экөө 15 жылдан бери чогуу жашап келишкенин билдирди. Экөө наабайчылык менен тиричилик кылышчу. Бүгүнкү күндө алдыдагы тагдыры кандай болору белгисиз.

«Каргашалуу окуя болгон күнү айдоочу изин жашырбай, ооруканага убагында жеткиргенде жолдошум тирүү калат беле. Биз буга чейин күйөөм менен батирлерде жашап келгенбиз. 3 балабыз бар. Эми гана үйүбүздүн пайдубалын куруп, үй салып баштадык эле. Үй салып, уулубуздун тоюн өткөрөбүз деп жатканда ушинтип автокырсыкка кабылды. Чыныгы кылмышкер мыйзам алдында жооп беришин каалайбыз», - деди ал.

Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Кемербек Бердибаев окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«25-август күнү шектүү «Тойота Камри» автоунаасы менен кырсык катталган жердеги видеобайкоого түшүп калган. Автоунаадан маркумдун каны табылды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча унаадагы кан маркумдун каны менен дал келет. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Жыйынтык чыга элек. Ал күнөөлүүбү, күнөөлүү эмеспи эми аныкталат. Азыр окуяга шектүү делген бала убактылуу кармоочу жайда турат», - деди Бердибаев.

Ал эми кылмышка шектелип кармалган айдоочу жигиттин атасы Сайтрайим Абдилатов каза болгон адамдын жакындары менен сүйлөшүү оң жыйынтык бербесе Бишкекке болгон жөө жүрүшүн уланта бере тургандыгын кошумчалады.

«Мен кече күнү маркумдун жакындары менен көрүштүм. Алар менен сүйлөшүү жолу жыйынтык бербесе нааразычылык жөө жүрүштү улантам», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин камакка алынган айдоочунун атасы Сайтраим Абдилатов Бишкекте АКИпресс агенттигинде берген маалымат жыйында аталган унаа кырсык адилетсиз иликтенип жаткандыгы үчүн Ак үйдүн алдында өзүн өрттөгөнгө чейин бара турганын билдирген.

Анын айтымында, 25-августтан 26-августка караган түнү Баткен облусунун Караван айылындагы унаа кырсыктан 1977-жылы туулган адам каза болгон.

«5 күндөн кийин Баткен шаарындагы биздин үйгө тергөөчүлөр келип, бул кылмышка 21 жаштагы уулумду (С. уулу К.) күнөөлөштү. Чыңгыз деген тергөөчүнүн айтымында, далил катары унаа кырсык болгон учурда тартылган видео бар экен. Бирок алар тергөөнүн жашырындуулугуна шылтап, бизге видеону көрсөтпөй жатышат», - деген Абдилатов.

Азыр анын шектелип кармалган баласы Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 2 айга камалган.

«Менин уулум бул учурда Кызыл-Кыяда болчу. Бирок Караван айылы шаардан 5-6 чакырым алыстыкта жайгашкан. Менин уулум ал жакка барган эмес», - деген ал.

Баткен ОИИБдин жообу:

Сайтраим Абдилатов АКИпресс агенттигинде берген маалымат жыйындын эртеси кийин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы анын баласынын иши ар тараптуу иликтенип жаткандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, 25-августтан 26-августка караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаева көчөсүнүн кесилишинде жол чырактын астында белгисиз унаанын айдоочусу Ош облусунун Найман айылынын 1977-жылы туулган тургун М.Н.ди койдуруп, окуя болгон жерден качып кеткен. 41 жаштагы жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүргөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жердеги дүкөндүн видеобайкоосундагы тасмалар алынып, кароо жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар алынды. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү айдоочу катары Баткен районунун Бужум айылынын 20 жаштагы тургуну Сайтраим уулу Кимсанбай кармалган.

Калыстардын катышуусунда ага таандык болгон «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаага кароо жүргүзүлгөндө анын алдыңкы жагынан кызыл түстөгү канга окшош тактар табылып, маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык эскпертизалар дайындалган. Экспертизанын корутундусунда маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Экспертизанын корутундусунда 41 жаштагы М.Н. аталган кырсыкта башынан алган жаракатынан улам каза болгондугу такталган. Сайтраим уулу Кимсанбай 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, обьективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып, толук кандуу тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылган милициянын маалыматында.

Кармалган айдоочунун атасы Бишкекке жөө жүрүшкө чыккан:

Андан кийин 25-август күнү Сайтраим Абдилатов баласы ак жеринен жол кырсыгына күнөөлөнүп камакка алынгандыгын айтып, 4 күн мурда Баткенден Бишкекке жөө жүрүшкө чыккандыгы белгилүү болгон.

Өзүнүн айтымында, учурда Кадамжай шаарына жетти. Баласы адам өмүрү кыйылган жол кырсыкка шектүү катары кармалып, 2 айга камакка алынган.

«25-августта түндө Кызыл-Кыя шаарынын аймагында белгисиз айдоочу бир кишини койдуруп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден эле каза тапкан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы менин балам Сайтраим уулу Кимсанбайды шектүү катары кармады. Милициядан аны камакка алынышына соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы себеп болгонун кабарлашкан. Тагырагы шектүүнүн автоунаасынын бампериндеги кандын тактары жабырлануучунун каны менен окшош чыкканы айтылган. Мен милициянын маалыматына ишенбейм. Анткени Кызыл-Кыя шаарындагы бардык орган кызматынын жетекчилери мага каршы. Алардын чыгарган анализдери жасалма. Баламдын унаасы таптаза бойдон турат. Адамды уруп кетсе ар кандай белги болуш керек эле. Ал эми автоунаада бир да белги жок.

Бул иш Кызыл-Кыяда шаардык ички иштер бөлүмүндө тергелүүдө. Балам азыр убактылуу кармоочу жайда отурат. Бул окуя боюнча такталбаган маалыматтар көп. Азыр самса бышырган 2 баланы күбө катары табышканын айтышууда. Бирок кээ бир адамдар «Хонда Аккорд» автуонаасы сүздү» деп да айтып жүрүшкөн. Менин баламдыкы «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа. Күбөлөр жалданган адамдар болушу мүмкүн. Бул ишке менин баламдын эч кандай катыштыгы жок. Мен акыйкаттык издеп, жогорку бийликке жөө басып барам. Эгер балам күнөөлүү болгондо жолдо салпактап жүрмөк эмесмин. Кыргызстанда чындык болсо балам акталат. 4 күндөн бери жолдомун. Азыр Кадамжай шаарына келдим. Бирок кайсыл күн экенин эстей албай калдым. Жогорку бийликтен бул маселени чындык үчүн карап берүүсүн суранам», - деген Абдилатов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×