Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 26.09.2018 17:01

Сүлүктү шаарында ар бир үйгө таза суу үчүн өлчөгүч коюлат

Turmush -  Сүлүктү шаарында ар бир үйгө таза суу үчүн өлчөгүч коюлат. Бул тууралуу шаардын мэри Рахман Эрматов билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында АРИС уюмунун каржылоосу менен элди таза суу менен камсыздоо боюнча жумуш башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 250 млн сомду түзөт. Учурда бул долбоор менен 4 ишкана иштеп жатат. Буга чейин шаардагы 3 скважинанын эскилиги жетип, эл сууну үнөмдүү пайдаланбагандыктан кээ бир тургундарга таза суу жетпей калчу. Мындан улам шаар тургундары жергиликтүү бийликке кайрылышкан. Бул көйгөйдү чечүү үчүн учурда 3 скважина кайрадан жаңыланып, ар бир үйгө суу өлчөгүч коюлмак болуп жатат. Жумуш толугу менен аяктаса 32 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сүлүктүдө жалпысынан 23 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×