Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 26.09.2018 12:32

Тажикстан суу каптоодон жабыр тарткан баткендиктерге акча төлөп берди

Turmush -  Тажикстан суу каптоодон жабыр тарткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарына 45 миң рубль төлөп берди. Бул тууралуу айыл башчы Разия Өсөрова билдирди.

Анын айтымында, 1 ай мурда Тажикстандын Чорку айылына өтүүчү каналдан суу ашып, айылдагы 4 үйдү каптап кеткен. Андан кийин Тажикстан тарап менен болгон бир катар сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында алардын жергиликтүү бийлиги зыян тарткан баткендиктерге 45 миң рубль төлөп берди.

Баткендин Көк-Таш айылы Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкандыктан бул аймакта чек ара жаңжалдары көп катталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×