Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Айдаркен 25.09.2018 13:45

Айдаркен шаарында ишкер айым 4 млн сомго жаңы бала бакча ачты (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-сентябрда Баткен облусунун Айдаркен шаарында 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, бала бакча жеке ишкер Зийнат Султанова тарабынан ачылган. Ал өзүнүн каражатына шаардагы кароосуз калган имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, бала бакчага айлантты. Аталган иштерге жалпы 4 млн сом жумшалган. Мекемеде 10 адам жумуш орду менен камсыз болду.

Шаарда буга чейин мамлекеттик 2 бала бакча иштеп турган. Шаар калкынын көбөйүшү менен жаңы бала бакчасын ачуу муктаждыгы жаралган эле. Бала бакчанын ачылышына Баткен облусунун жетекчилиги, жергиликтүү тургундар катышты.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 153 бала бакча бар болсо, анын ичинен жетөө жеке менчик. Бала бакчага тартылган балдардын саны — 18786. Бул бала бакчадан тарбия ала турган балдардын 35,66%ын түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×