Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.09.2018 10:55

Кызыл-Кыянын мэриясы жеке ишкерлерди сыйлады (фото)

Turmush -  20-сентябрда Жеке ишкерлер күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаардын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар ишкерлерге ардак грамоталарды тапшырды.

Мэриянын маалыматына караганда, ишкерлердин бири Зарлык Маткалыков Караван айылына 2 аялдама курдурса, Адылбек Абдуллаев Октябрь көчөсүнө асфальт төшөтүп берген. Асек Борончиев муниципалдык менчик департаментине кайтарымсыз автокран тапшырса, Нурлан Төлөнбаев Кызыл-Кыя—Ош унаа жолунун 450 метр аралыгын асфальттатып берген. Андрей Шек гипс чыгаруучу цех ачкан.

Кызыл-Кыяда 2018-жылдын 8 айынын ичинде калктын өндүрүшү 131,5 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке 20 млн сомдон ашык акча кошкон. Азыркы учурда шаарда 3 миңге жакын жеке ишкер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×