Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 22.09.2018 15:02

Сүлүктү шаарынын 150 жылдык маарекеси белгиленүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

150 жылдык мааракенин алкагында шаардагы бала бакчанын, муниципалдык базардын ачылышы өттү. Сүлүктү шаары көмүр казуучулардын шаары болгондуктан атайын шахтерлор үчүн курулган эстелик да ачылды. Ошондой эле илимий-практикалык конференциянын алкагында Сүлүктү шаарынын өнүгүүсү, тарыхы боюнча атайын доклад окулду. Шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган театрлаштырылган концерт тартууланууда. Саамалыкка Баткен облусунун, Сүлүктү шаарынын жетекчилиги, жергиликтүү тургундар парламенттин депутаттары катышууда.

«Биздин шаар 1868-жылы түптөлүп быйыл 150 жылдыгы белгиленүүдө. Аны шаар эли, коноктор менен биргеликте белгилеп жатабыз. Сүлүктү шаары 150 жылда көптөгөн оор да жеңил да күндү баштан кечирген десек болот. Мисалы союз убагында дүркүрөп турган шаардан миңдеген тонна көмүр өндүрүлүп, Орто Азияга жетип турган. Андыктан Орто Азиянын кочегары деп аталып келген. Союз таркаган учурда шаардагы орус, күрд, татар, тажик, дунган, өзбек сыяктуу башка улуттун өкүлдөрүнө шаарды таштап кетүүгө туура келген. Анткени союз ыдырап чоң шахталарда иш токтоп жумушчулар миграцияга жол алышты. Ошол убактан калган кээ бир үйлөр да бош калган. Бирок шаар жоголуп кеткен жок, өнүгүүгө жол алды. Бүгүнкү күнгө чейин кара алтын казып, аты чыгып, өзүн камсыздап, өнүгүү жолунда турат. Учурда 21 миң калкы бар. Сүлүктү элин бүгүнкү майрамы менен куттуктайбыз», - деди шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Убадат Сабурова.

Сүлүктү шаары Лейлек району жана Тажикстандын айыл аймактары менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×