Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 17.09.2018 11:06 Жаңыланды: 17.09.2018 13:40 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Кожоев 3 гектар шалысын жыйноо үчүн 500 сомдон төлөп 30 адамды иштетти (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 24 жаштагы тургуну Адылбек Кожоев 3 гектар аянтка эккен күрүчүнөн 12 тонна түшүм алууну болжолдоп жатат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл күрүчтүн девзире, лазер, андижан деген түрлөрүн эккен. Учурда шалысын оруп, күнгө жайып акжуазга даярдап жатат. Азыр күрүчтүн 1 кг 100 сомго чейин бааланып жатса, кышында 150 сомго чейин көтөрүлөт. Быйыл 400-500 миң сомго чейин киреше табышы мүмкүн.

«3 гектар жердеги шалымды жыйноо үчүн 30га жакын адамды иштеттим. Жумушчуларга күн сайын 500 сомдон төлөдүм. Алар 1 күндө 1 гектар жерди оруп беришти. Жалпысынан 3 гектар жерди оруп-жыйноого 1 жума убакыт кетет. Азыр асфальт ысык болуп, тез кургаткандыктан шалыны ушул жерге жайып кургатабыз. Аны 3 күн, 3 түн жаябыз. Биринчи жайган күнү түнү менен жайып, күн ысыганда саат 10-11лерде кайра топтоп, үстүн жаап коебуз. Эгер аны топтобосок күрүч сынып кетет. Ошондуктан биринчи күнү салкында жайып, анан экинчи күнү күнгө жайса болот. 3 күн жайылгандан кийин аны акжуазга алып барып, күрүч кылып даярдайбыз», - деди ал.

Дыйкан күрүчтүн түшүмүн кышы менен сатып чыгат. Жубайы экөө 1 уулду тарбиялап жатышат.

Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиевдин айтымында, айыл өкмөттө 4 миң гектарге жакын жерге шалы эгилет. Күрүчтүн 6 сорту өстүрүлөт.

«Биздин ата-бабаларыбыз эгип келген жайдары аттуу сорт да эгилет. Дыйкандар түшүмдүүлүгү көбүрөөк, сатууга ыңгайлуу деп лазер сыяктуу сортторду өстүрүп жатат. Бирок Ак-Турпактын бренди болгон жайдары күрүчүн көп өстүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу.

Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×