Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 17.09.2018 09:24 На русском

Баткенде «Фольксваген Гольф» унаасы сайга кулап, айдоочу каза болду (фото)

Turmush -  Баткен облусунда жол кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баткен районунда 16-сентябрда саат 11:13 чамасында Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып сайга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу (1953-жылы туулган А.У.) каза болгон. ӨКМдин РӨКОнун №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×