Баткенде 19 жаштагы тажик жараны контрабандалык күйүүчү май менен кармалды

Turmush - Кыргызстандан Тажикистанга контрабандалык күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасынан Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары контрабандалык күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган тажик жаранын кармашкан.
Анда 1999-жылы туулган А.Б. «Hyundai Porter» унаасы менен бажы чек арасы аркылуу эмес, тиешелүү документтери жок 1000 литр дизелдик күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган.
Чек арачылар аны Лейлек районунун В.Ленин атындагы айылынан алыс эмес жерден кармашкан. Кармалган жаранга айып салынып, жүгү менен ишти андан ары териштирүү үчүн Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.