Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 12.09.2018 18:36

Сүрөт — Исфанадагы оорукананын короосунан өрт чыкты

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда саат 18:00 чамасында Исфана шаарындагы Строительная көчөсүндө жайгашкан Лейлек аймактык ооруканасынын короосунан өрт чыкты. Өрт камыш өскөн жерде тутанганын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Учурда өрт өчүрүүчүлөр жеринде өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрткө электр чубалгыларынын туташуусу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×