Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 12.09.2018 14:18

Сүлүктүдө шаарды өнүктүрүүгө багытталган марафон өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 12-сентябрда Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий абалын көтөрүү максатында марафон өткөрүлүп жатат. Саат 10:00дө башталган марафон кечке чейин уланат, деп билдиришти мэриядан.

Марафонго шаардагы ишканалар, тургундар, шаарда төрөлүп өскөн чыгаан инсандар, мекендештер жана жашоочулар катышууда. Шаар мэри, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, Лейлек районунун акими жана башка ардактуу коноктор марафонго өз салымын кошушту. Марафон концерттик программа менен улантылууда.

Ал эми башка өлкөдө жашаган мекендештер үчүн атайын банк эсеби ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×