Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 12.09.2018 09:41

Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 28 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 12-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жаракат алган жок.

Баткендеги Сүлүктү шаарында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 80 чарчы метр чатыры жана 200 боо чөп өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам Балыкчы шаарында «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру S9367O) кыймылдаткычы толугу менен күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×