Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 10.09.2018 10:27

Кадамжайдагы тоодо чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү (сүрөт, видео)

Turmush -  Бүгүн, 10-сентябрда Кадамжай шаарындагы Саңги-Бала тоосунун чокусунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, өрт кечээ, 9-сентябрда саат 17:42 чамасында тутанган.

«Өрттү өчүрүүгө №3 тоо-кен куткаруу бөлүмүнөн 9 адам, №26 өрткө каршы кызматынан 26 адам, өзүнчө куткаруу отрядынан 33 адам, жергиликтүү тургундардан 20 адам, Үч-Коргон токой чарбасынан 6 адам, ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнө караштуу өрткө каршы кызматынан өрт өчүрүүчүлөр, жалпы 135 адам тартылды», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Өрт саат 08:25те чектөөгө алынып, саат 08:45те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттөнгөн жердин аянты жана өрттүн себептери аныкталууда. Адамдар жабыркаган жок.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 5-6 гектар куураган чөп өрттөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×