Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.09.2018 08:42

Тажикстандан мыйзамсыз 38 тонна солярка ташып келе жаткан адам кармалды

Turmush -  Баткендеги Лейлек районунун Ленин аймагында чек арачылар мыйзамсыз жол менен күйүүчү-майлоочу май ташып келе жаткан адамды кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, күйүүчү майды көзөмөл пунктан тышкаркы аймак менен алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кечээ, 5-сентябрда колго түшүрүлгөн.

Такталган маалыматтар боюнча, 1960-жылы туулган Р.С. Тажикстандан 38 тонна солярканы «Рено» унаасына жүктөп келе жаткан. Буга байланыштуу тиешелүү документтер топтолгондон кийин чара көрүү үчүн тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×