Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 05.09.2018 11:06

Сүлүктүдө СССР мезгилинен бери оңдоло элек 15 аялдама оңдолду (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарында СССР мезгилинен бери оңдоло элек 15 аялдама оңдолду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин аялдамалар жараксыз абалга келип, жаан-чачында элге ыңгайсыздык жаратып, пайдаланууга мүмкүн болбой калган болчу. Оңдоо иштери Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгына карата жүргүзүлдү.

Ар бир аялдаманы оңдоо үчүн 40 миң сомго жакын каражат сарпталган. Каражаттарды көмүр казган ишканалар каржылады. Алдыда дагы 5 аялдаманы оңдоо пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×