Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Баткен 03.09.2018 15:00

А.Бөрүбеков Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп Арзыбек Бөрүбеков дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, анын аталган кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка 13-август күнү Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кол койду. Арзыбек Бөрүбеков аталган мекеменин башчысынын орун басары болуп 2 жыл иштеген.

Буга чейин облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп Аким Абдуллаев иштеп келген. Ал аталган кызматта 8 ай иштеген соң өз арызынын негизинде кызматынан кеткен.

Арзыбек Бөрүбековдун резюмеси:

Туулган жылы: 31.10.1987-жыл.

Туулган жери: Баткен району.

Улуту: Кыргыз.

Үй-бүлөлүк абалы: 1 баланын атасы.

Билген тилдери: кыргыз, орус.

Билими:

2011-жылы Ош мамлекеттик университетинен дарылоо иши боюнча адистикке ээ болуп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×