Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Исфана 03.09.2018 14:02

А.Анарботоев өз каалоосу менен Исфана шаарынын мэри кызматынан кетти

Turmush -  Абдулмухтар Анарботоев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен Исфана шаарынын мэри кызматынан кетти. Бул тууралуу Исфана шаардык мэриясынан тастыктады.

Маалым болгондой, анын Исфана шаарынын мэри кызматынан кетүү жөнүндөгү арызына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев 24-август күнү кол койгон. А.Анарботоев мэрлик кызматта 2015-жылдын 15-январынан бери иштеп жаткан.

Жаңы мэрди шайлоо 18-сентябрда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×