Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 29.08.2018 10:04

Баткенде «УАЗ» унаасы толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 23 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 29-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын Кочубаев айылында бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 60 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп жана 100 боо пахта сабагы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Баткен районунун Ак-Сай айылында «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×