Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 28.08.2018 08:55

Фото — Кадамжайда теңтушун атууга шектелген 21 жаштагы жигит изделүүдө

Turmush -  26-август күнү Кадамжай районунун Чаувай айылында 22 жаштагы М.З.Р. аттуу жигитти атууга шектелген 21 жаштагы К. уулу А. изделүүдө. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 26-августта саат 02:00 чамасында Чаувай айылында болгон. Жаракат алган жигит Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Аталган факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иш козголду. Иликтөө учурунда кылмышка шектелген К. уулу А. дагы Чаувай айылынын тургуну экендиги такталды. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

(Кылмышка шектелген жигит)

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×