Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 27.08.2018 17:44

Баткендеги чек арачылардын кичи футбол боюнча мелдеши өттү (фото)

Turmush -  31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен шаарында чек арачылардын кичи футбол боюнча мелдеши өттү. Мелдешке Баткен чек ара башкармалыгына караштуу аскер бөлүктөрү, көзөмөл-өткөрүү жайлары жана №2051 аскер бөлүгүнүн курама командалары катышты.

Жыйынтыгында «Мыкты чабуулчу» болуп №2051 аскер бөлүгүнүн кенже сержанты Тиллаев Айбек, «Мыкты коргоочу» болуп №2022 аскер бөлүгүнүн кенже сержанты Саидов Ильяс, «Мыкты дарбазачы» болуп №2021 аскер бөлүгүнүн прапорщиги Жумамидин уулу Эстебес табылды. Жеңүүчү командаларга грамоталар жана кубоктор тапшырылды.

Жыйынтык:

- 1-орун — №2022 аскер бөлүк;

- 2-орун — №2051 аскер бөлүк;

- 3-орун — №2021 аскер бөлүк.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×