Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.08.2018 15:06

Сүлүктүдө көмүр казган кенчилердин майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Кечээ, 26-августта Сүлүктү шаарында көмүр казып, жер алдында иштеген кенчилердин майрамы белгиленди. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри баштаган чиновниктер, көмүр казган ишканалардын жетекчилери катышып, айрым кенчилерге ардак грамоталар тапшырылды. Андан соң кенчилер бул саамалыкка карата уюштурулган улуттук күрөш боюнча мелдешке катышты. Спорттук иш-чарага Сүлүктү шаардык спорт комитети 40 миң сом бөлсө, көмүр казган ишканалардын бири жүк ташуучу унаага жүктөлгөн көмүр берди. Ал эми ишкана жетекчилери 2 миң сомдон байге чыгарышты.

Жыйынтыгында мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×