Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 27.08.2018 14:10

Баткенде 7 тоннадан ашык буудай кебегин алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды

Turmush -  Кечээ, 26-августта Баткен районунун Үч-Дөбө айылында аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Тажикстандын 2 жараны көзөмөл-өткөрмө пунктунан башка жерден жүк ташуучу «Nissan Diesel» үлгүсүндөгү унаа менен 7 тонна 600 кг буудай кебегин алып өтүүгө аракет кылган. Алардын бирөөсүнүн жанында документи жок болгон. Аларга айыптар салынып, жүк тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилмек болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×