Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.08.2018 13:25

Сүлүктүдө билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иш козголду

Turmush -  Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлеринин арыздарын текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилди. Анын жыйынтыгында Сүлүктү шаардык билим берүү мекемелеринин тазалоочу кызматына 14 штаттык бирдик бекитилип, белгиленген штаттык бирдиктен 4,5 бирдик ашыкча түзүлгөндүгү аныкталган. Анын кесепетинен эмгек акыга 253 миң сом мыйзамсыз жана негизсиз эсептелгени такталды.

Мындан тышкары 2017-2018-жылдары Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдары эч кандай негизсиз, кандайдыр бир сыйлык берүү жөнүндө бөлүмдүн жетекчисинин буйругу жок туруп эсепчилерге жалпы 201 миң 567 сомдук сый акыны мыйзамсыз төлөп беришкени аныкталган. Мындан Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 454 миң 567 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 308-беренеси бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×