Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 25.08.2018 15:14

Лейлекте чек арадан 1,5 тонна мунайзатты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалды

Turmush -  Кечээ, 24-августта Лейлек районунун Майты аймагынан 1,5 тонна мунайзатты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган тажикстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Тажикистандын 1980-жылы туулган М.Н. аттуу жараны «Мерседес-Бенц Вито» үлгүсүндөгү унаасы менен кыргыз-тажик чек арасынан 500 метр аралыктан кармалган. Ал көзөмөл-өткөрмө пунктунан башка жерден мыйзамсыз түрдө Тажикстанга өтүүгө аракет кылган. Жанында мунайзатка тиешелүү документтер жок болуп чыккан. Аталган адамга административдик айып салынып, жүгү менен кошо Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×