Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 24.08.2018 13:10

Кадамжайда Баткен менен Өзбекстандын Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту

Turmush -  Бүгүн, 24-августта Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев баштаган облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Кадамжай шаарында жолугушту.

Эки тарап Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин койгон тапшырмаларын, эки мамлекеттин чек аралаш аймактарында кызматташууну жакшыртуу багытындагы иштерди аткаруу максатында жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады. Адамдардын эки облустун аймагына өтүүдөгү коопсуздугу, чек аралаш аймактардагы аткезчиликти болтурбоо, табигый кырсыктар катталган учурда алгачкы жардамдарды көрсөтүү менен калыбына келтирүү жумуштарына көмөктөшүү, бажы мамилелерин чыңдоо, туризмди өнүктүрүү, эки өлкөнүн жарандарынын туристтик жайларда эс алуусуна шарт түзүү маселелери жөнүндө сөз болду. Ушул эле күнү эки облустун башчылары Өзбекстандын Шахимардан шаарында жолугушуу өткөрүштү.

Бүгүн, 24-августта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун Бажы кызматынын жетекчилери жолугууда. Буга чейин 22-августта Баткен жана Фергана облустарынын чек ара кызматынын жетекчилери жолугушкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×