Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Баткен 24.08.2018 11:45 На русском

Баткенде 9,5 гектар жерге кытайлыктардын нефть базасын куруу маселеси талкууланды

Turmush -  Кечээ, 23-августта Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов кытайлык «Гонконг Орто Азиялык инвестициялык компаниясынын» өкүлдөрү менен жолугуп, нефть базасын куруу маселесин талкуулады.

Мэрдин айтымында, компаниянын өкүлдөрүнө Баткен шаарынын аймагында индустриалдык соода -логистикалык борбору курула турган жер аянчасы жакындан тааныштырылды.

«Баткен шаарына нефть базасын куруу боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Ал үчүн 9,5 гектар жер аянты керектелет экен. Учурда жер маселесин чечүү жолдорун карап жатабыз. Буйруса жер бөлүнүп берилсе жумуш башталып, нефть база курулат. Аны менен катар жумуш орундары түзүлөт», - деди Рахимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×