Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 23.08.2018 09:16

Айыл турмушу: Кадамжайлык студент Д.Мурзахмедов каникул учурунда шабдалы терип иштеп, күнүнө 500 сомдон табууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Какыр айылынын тургуну Дилшод Мурзахмедов каникул учурунда шабдалы терип иштеп, күнүнө 500 сомдон табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл мектепти аяктап, Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик окуу жайга автослесарь кесиби боюнча билим алууга документтерин тапшырды. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу. Атасы Дооранжан Мурзахмедов курулуш компаниясында иштесе, апасы Муборакхан Шералиева үй кожойкеси.

«Азыр шабдалы сезону башталгандыктан шабдалы терип иштеп, күнүнө 500 сомдон таап жатам. Азыр иштегениме 1 жума болду. 4000 сомго жакын акча топтодум. Тапкан акчаны атама берем. Жумуш күн сайын эртең менен 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин болот. Бул жерде шабдалы терип, аны үкүктөргө салып, унаага жүктөп беребиз», - деди ал.

Аталган чарбакта ага окшоп иштеген дагы 10го жакын бала бар. Дагы 10дон ашык кыз алар терген шабдалыны сорттошот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×