Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 22.08.2018 16:35

Айыл турмушу: Кадамжайлык К.Мадашимов шабдалыдан жыл сайын 1 млн сомго чейин киреше табат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Какыр айылынын тургуну Курбанали Мадашимов шабдалынын бир нече түрүн өстүрүп, жыл сайын 1 млн сомго чейин киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 58 сотых үлүш жеринен тышкары 3 гектар жерди ижарага алып иштетет. Үлүш жеринде 400 түпкө жакын, 3 гектар жерде 1600 түп шабдалы дарактары бар. Көчөттөрдүн алды 9 жылдык.

«Азыр шабдалыны тердирип, Бишкек шаарына, Россияга сатып жаткан учурум. Күн сайын 500 сомдон акча төлөп адамдарды иштетем. Алар шабдалыны терип, сорттоп, атайын үкөктөргө салышат. 58 сотыхтан жыл сайын 300-400 миң сом киреше табам. 3 гектар ижарага алган жерде жаш көчөттөр болгондуктан азыр мөмөсү азыраак. Бул жерден 1 жылда 300-400 миң сом киреше табам. Бир сезондо 1 млн сомго чейин киреше тапса болот. Азыр өзүм, келинчегим, 3 уулум, 1 кызым жана келиндерим менен бакты карап жатабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле быйыл шабдалынын 1 кг 20-25 сомдон сатканын кошумчалады.

Шабдалынын нектар, красный москва, эрте бышчу эльберт, чемпион, муяссар деген сорттору бар. Буларды терип даярдап атайын 10 тонналык муздаткычка салып, кардар келгиче сакташат. Учурда шабдалынын эльберт аттуу сорту бышып, жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×