Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 17.08.2018 18:05 Жаңыланды: 18.08.2018 13:15 На русском

Айыл турмушу: 5 миңден ашык тоок баккан М.Надыров айына 300 миң сомго чейин киреше табууну пландоодо (видео)

Turmush -  Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну Матиса Надыров 5 миңден ашык тоок багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тоок фермасынан 300 миң сомго чейин киреше табууну пландоодо. Былтыр 2 млн сомго жакын акча коротуп, тооккана куруп, Ош шаарынан 2500 тоок алып келген. Быйылкы жылы дагы 2700 тоок алып келип, тоокканасына кошумча имарат курду. Учурда күнүнө 4700гө жакын жумуртка алат. Алардын 1 даанасын кошуна Тажикстанга, Баткендеги дүкөндөргө 6 сомдон сатышат. Тоокторго байытылган жогорку сапаттагы жемден берип, ай сайын 1 кг 30 сомдон болгон 18 тонна жем керектелет. Тоок багуу өтө кылдаттыкты талап кылгандыктан, аларга күн сайын жем-суусун өз убагында берип, бирдей температурада кармаганга аракет кылышат.

«20 жылдан ашык убакыттан бери тоок багып келем. Былтыр балам Адилет бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, алар 700 тоок алып беришкен. Өзүбүз 1750 тоок алып иштеп баштадык. Айыл өкмөт 1 гектар жер бөлүп берип, 900 миң сом насыя алганга жардам көрсөттү. Учурда 5 миңден ашык тоок бар. Жалпы бул жумушту түптөгөнгө 4 млн сомго жакын акча сарптадык. Тоокторду балам, келинчегим болуп үй-бүлөбүз менен карайбыз. Буйруса ай сайын 250-300 миң сомго чейин киреше табуу планыбыз бар», - деди Насыров.

Фермердин тоокторунун жумурткаларын той-мааракелерге, кафелерге да сатып алып кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×