Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Айдаркен 16.08.2018 14:29 На русском

Айдаркенде эс-учун билбей ооруканада жаткан адамдын ишин УКМК иликтеп жатат

Turmush -  Айдаркен шаарынын Жал айылынын 1972-жылы туулган тургуну Т.Акматбектин 14-июнда сабалып, оор абалда ооруканада жаткандыгы боюнча иликтөө иштери УКМК тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга анын агасы арыз жазып, инисин белгисиз бирөө катуу сабап кеткендигин билдирген. Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу Айдаркен жалпы дарыгерлик практикалоо бөлүмүнө барган учурда денесинен жараат алган Т.Акматбектин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эс-учуна келбей жатканы аныкталган. Андыктан анын өзүнөн кайсы жерде, ким тарабынан сабалганы боюнча түшүнүк кат алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал эми анын эжеси Т.Мукарамдын көрсөтмөсүндө оорукананын дарыгери К.М. анын иниси Т.Акматбектин спирт ичимдигин ичип, мас абалында келип, «милиция кызматкерлери сабады» деп айтканын билдирген.

Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөндө жабырлануучу Т.Акматбектин 14-июнь күнү саат 12:30 чамасында Айдаркен жалпы дарыгерлик практикалоо бөлүмүнө мас абалында барып, сол колунун билеги сынганын айтып, дарыгер М.К.га гипс жасатып кеткени такталган. Арадан 3-4 саат өткөндөн кийин ал кайрадан оорусуна чыдабай ооруканага келип, дарыгерге «туура эмес гипстеп коюпсуң, колум чыдатпай жатат» деп кайрылган. Дарыгер М.К. жабырлануучу Т.Акматбекке наркоз берип, колуна операция жасап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырып койгону белгилүү болот. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин Т.А. жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирок дарыгер М.К. жабырлануучунун ооруканага кайрылганы боюнча милицияга билдирген эмес. Т.Акматбектин оорусунун тарыхы китепчесине «милиция кызматкери сабады» деп айтты» жазган эмес. Дарыгер М.К.дан башка адам жабырлануучу Т.Акматбекти «милиция кызматкери сабады» деген маалыматты уккан эмес.

Бул факты боюнча чогултулган материал Кадамжай райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 15-июль күнү кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу беренесинин негизинде кылмыш иш козголуп, кылмыш иш Баткен облустук Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы тарабынан тергелип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×