Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 10.08.2018 10:14

Кадамжайда дарыяга аккан аялды куткарып калышты

Turmush -  Баткендеги Кадамжай районунда сууга аккан аял кишини куткаруучулар куткарып калышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кечээ, 9-августта саат 16:30 чамасында Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясына аял киши түшүп кеткени маалымдалган. Айтылган дарекке №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу барып, аялды суудан алып чыгышты. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин туугандарына беришкен.

Сууга аккан аялдын өздүгү такталып, 1966-жылы туулган Ж.Т. экени аныкталды. Учурда абалы канааттандырарлык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×