Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 07.08.2018 13:55

Айыл турмушу: Баткенде кол өнөрчүлөрдөн түзүлгөн топ киреше табуунун жолун өздөштүрдү (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Турпак айылында аялдардан түзүлгөн чакан топ килем жасоо менен алектенип келет. Кол өнөрчү айымдар менен аймактык кабарчы таанышты.

Көпчүлүктүн айыл жергесинде адамдар жумуш менен камсыз боло элек деген оюн четке каккан каармандарыбыз буйрутма менен иштешет.

«Алгач топту түзгөндөн кийин кезектешип өзүбүзгө гана килем жасап жүрдүк. Кийинчерээк айыл тургундары буйрутма берип баштады. Кардарлар жибекти өздөрү алып келип, биз алардын табитине жараша жасап беребиз. Учурда 5 аял кезектешип иштеп жатабыз. Мурда килем үчүн кызыл, кара, боз түстөр колдонулса, азыр ак, кара түстөрдөгү килемдерге талап күчтүү. Үйдө жумуш жок отургандан көрө эмгектенүүдөбүз», - деди топтун мүчөсү Майрам Эргешова.

Учурда чеберлерден түзүлгөн топко Кадамжай, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларындагы кардарлар да буйрутма беришет.

Учурда Баткен облусунда килем кыздын себине, бешик той, сүннөт той жана башка тойлорго белек катары берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×