Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 09.11.2018 22:08

Жеңеке: Кыялындагы жигитке турмушка чыккан 25 жаштагы Чолпондун келиндик доордогу жашоосу (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 25 жаштагы Чолпон Токтобекова. Ал Нарын районунун Он-Арча айылында төрөлүп, 19 жашында Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынын 31 жаштагы тургуну Адилет Исмаиловго турмушка чыккан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал билимдүү жигитке турмушка чыксам деп кыялданчу.

«Болочок жолдошум менен БГУда 2-курста окуп жүргөндө курбум аркылуу таанышып калдык. Ошентип телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, кийин мени киного чакырды. Ошондо менин колумду сурап, турмушка чыгууну сунуш кылды. Менде дагы жылуу сезимдер болгондуктан, бир аз ойлонуп макул болдум. Мурун жолдошум ичпеген, чекпеген, билимдүү болсо экен деп тилек кылчумун, ошол тилегим орундалды. Учурда ал тиш доктур болуп эмгектенет», - деди ал.

Ч.Токтобекова жаңы келин болгондогу кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Турмушка чыккандан кийин кайын сиңдим менен күйөөсүн, Адилетти бир жумадай "Сиз" деп жүрдүм. Алар менден жашы боюнча улуу. Адилет жумуштан келгичекти эртеден кечке СМС жазыша берчүбүз, андан тажаганда сөздөрдү эринбей тескери которуп жазышчубуз. Мисалы, "кандай" дегенди "йаднак" деп.

Ошондой эле Ысык-Көлдө келиндер кайын журтуна мамиле аркылуу сый-урматын туюнткан «тергөө» салты бар экен. Улууларды атынан айтпай, тергеп айтышат. Кайненемдин аты дагы Чолпон экенин унутуп калып, кайним социалдык тармактагы логинимди сураса, атымды улам-улам айта бериптирмин. Кайним кайра сураса, атымды кайра кайталай бериптирмин. Көрсө улуу адамдарды атынан атабайт экен», - деди ал.

Ч.Токтобекова эки кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×