Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 04.08.2018 12:10

Кадамжайда эне сүтүн даңазалаган акция уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 3-августта Кадамжай шаарында эне сүтүн даңазалаган акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери билдиришти.

Маалым болгондой, эмчек эмизүүнүн бүткүл дүйнөлүк жумалыгына арналган акция «Эне сүтү жашоонун негизи» урааны менен өтүп, ага шаардагы медицина мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Акциянын катышуучулары жөө жүрүш жасап, флешмоб уюштурушту. Флешмоб жасалма тамактандыруунун зыяндуулугун түшүндүргөн сахналаштырылган көрсөтмө жана концерттик программа менен коштолду.

Ошондой эле флешмоб Халмион айылындагы Баяман базарында уланып, активдүү катышкан тургундарга белектер таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×