Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 04.08.2018 10:51

Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду (видео)

Turmush -  Баткен облусунда 1-августтан баштап 7-августка чейин «Эне сүтү» жумалыгы деп жарыяланып, акциялар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жумалыктын алкагында кечээ, 3-августта Баткен шаарында «Эне сүтү өмүр башаты» деген ураан менен медицина кызматкерлери акция өткөрүштү. Акция эне сүтү тууралуу маалыматтарды жайылтуу, даңазалоо жана 2 жашка чейинки балдардын ден соолугуна кам көрүү максатын көздөйт.

Акциянын жүрүшүндө медайым тарабынан даярдалган сууроо-жооп сынагы өткөрүлүп, туура жооп берген 10 аялга баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле энелер жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда флешмоб уюштурулду. Акцияга 60ка жакын медицина кызматкери жана 2 жашка чейинки балдары бар энелер катышты.

Иш-чара Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө «Эне сүтү өмүр булагы», «Эне сүтү баа жеткис азык» ураандары астында жөө жүрүш менен коштолду. Акцияга катышкан энелерге маалымат баракчалары таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×