Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 06.08.2018 20:00

Айыл турмушу: 12 жыл мигрант болгон Ч.Байботоев таштанды ташталган жерди бакчага айлантты (видео, сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Чыңгызбек Байботоев бир гектардан ашык жерге 450 көчөт отургузуп, бакчага айландырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, көчөттөрдү тамчылатып сугарып жатат. Бакчаны сугарууга 250 метр жерден суу тартып, 14 тонналык суу топтоочу дамба курган.

«Жалпысынан буга 200 миң сомго жакын акча каражатын сарптадым. Менин 4 балам бар. Буга чейин 12 жылдай мигрант болуп Россияда иштедим. Туулган жериңди сагынат экенсиң.

Иштеп топтогон акчама таштанды таштоочу жай болуп жаткан жерди көрктөндүрүү үчүн бакка айлантууну чечтим. Кургак жер болгондуктан тийиштүү адистер менен кеңешип, суу тартып, жаңыдан колдонулуп келе жаткан тамчылатып сугаруу ыкмасын тандап алдым. 450 түпкө жакын көчөт отургузгам. Алардын көпчүлүгү өрүктүн көчөттөрү. Мындан сырткары алма, шабдаалы, алча, гиластын да көчөттөрү бар. 450 көчөттүн ичинен 40ка жакыны куурап калды. Көчөттөрдү отургузганыма 1,5 жыл болду. Быйыл өрүктүн айрым көчөттөрү 4-5тен мөмө байлаптыр. Алар түшүм берип баштаса чет жакка чыкпай эле үй-бүлөмдү бага алам», - деди дыйкан.

Тамчылатып сугаруу менен кургак жерди өздөштүрүүнү бейөкмөт уюмдар да колдоого алышкан. Алар ар тараптан туура жол көрсөтүп, ишке ашыруу ыкмаларын үйрөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×