Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 30.07.2018 09:42 На русском

Айыл турмушу: Баткендик Касиет апа жайлоодо уй саап, дары чөптөрдү жыйнап, жыл сайын 100 миң сомго чейин акча табат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын 60 жаштагы тургуну Айтпаева Касиет апа жыл сайын 2 ай жайлоого чыгып, сүт азыктарын сатуу менен 100 миң сом киреше табат. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, малчынын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан жайлоонун жумушун жакшы билет.

«Атам-энем ушул жерлерде мал багып, биз да ушул жакта чоңойдук. Жыл сайын июнь айынан августтун ондоруна чейин неберелерим менен келип мал карап, аны менен бирге эс алып кетем. Ушул тоолорго келгенде кадимкидей эс алам. Суу-Башы, Суур-Уя, Эрмондой, Чирикти жайлоолорун коён жатагына чейин билип калдым. Кечкисин эрте жатып, таң атар замат туруп мал менен алек болобуз. Таңкы саат 4-5тен тарта 11:00гө чейин уй саап, сүт бышырып, каймак кылабыз. Саат 16:00дөн тарта кайра уйларды саайбыз. Ошентип ар бир күнүбүз электр энергиясыз, интернетсиз өтөт (күлүп). Жайлоого конок көп келет. Бардыгы үчүн эшигибиз дайыма ачык», - деди ал.

Каарманыбыз бир сезондо 15 уй саап, 100 миң сомдой киреше табат.

«Тааныштарым жайлоого келишимди билип жылда саан уйларын беришет. 10-15 уй менен келип, 3 кап курут, 200 литрдей сары май, сүзмө, туздалган май алып кетебиз. Аларды күзүндө базарга чыгып сатам. Өткөн жылы майдын 1 кг 450 сомдон саттым. Сүзмөнүн 1 кг 60-70 сомдон, куруттун 1 кг 200 сомдон сатылды. Аны менен бирге биздин тоолордон дары чөптөрдү терип кургатып сатам. Дары чөптөргө жыл сайын кардарлар буйрутма беришет. Козу кулак, таруу, чайыр чөп, кийик от сыяктуу чөптөр терилет», - деди ал.

Касиет апа 3 уул, 2 кызынан 16 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×