Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Баткен 27.07.2018 17:01 На русском

М.Берикбаев Баткенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Баткен облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп Берикбаев Манасбек Мукашевич дайындалды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аны аталган кызматка дайындоо жөнүндөгү буйрукка ИИМ жетекчиси К.Жунушалиев 24-июль күнү кол койгон. Жаңы жетекчи жамаатка бүгүн, 27-июлда тааныштырылды.
Аталган кызматта 2016-жылдан бери Исаев Абдубасыт Абдулакимович иштеп келген.

Берикбаев Манасбек Мукашевич 1970-жылы Нарын облсунда туулган. Ички иштер органында 1998-жылдан тартып эмгектенип келет. 1998-2017-жылдары ИИМдин мамлекеттик автоинспекциясында бөлүм башчы болуп иштеген. 2017-2018-жылдары Нарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×