Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 30.11.2018 09:51

Айыл турмушу: Лейлектик С.Шайдуллаева 50 миң сомдук килемдерди токуп сатат (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Лейлек айылынын тургуну Сайдагүл Шайдуллаева 50 миң сомдук килемдерди токуп сатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ак жана кара түстөгү жүндөр менен иштейт. Килемге ар кандай улуттук оймо-чиймелери түшүрүп токуйт. Колунан жаралган килемдер ар кандай көргөзмөлөрдө алдыңкы орундарга ээ болуп келе жатат. Бир араби килемине орточо эсеп менен 10 кг чейин жүн керектелсе, жул килемдерге көлөмүнө жараша 15-30 кг чейин жүн керектелет. Килемдер 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин бааланат.

«Бул өнөрдү кичине кезимде эле үйрөнгөм. Үйдө чоң энем, апамдар дайыма килем токуп, базардан сатып албай, колдо тогулган килемдерди колдончубуз. Азыр алардан үйрөнгөнүмдү заманбап үлгүдө, кээде кардарлардын табитине жараша токуйм. Кардарлар көбүнчө белекке, кыздардын себине алышат. Килемдерди үйдүн бөлмөсүнүн көлөмүнө жараша токуйм. Алгач жаңы үлгүдө гүл, оймо-чиймелерди түшүргөндө бир аз кыйналгам. Бирок азыр карап туруп эле оңой түшүрүп калдым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар 20дай кой багат. Алардан жылына 30 кг жүн алынат. Айрым учурда башкалардан жүн сатып алат. Жылына 4-5 килем даярдап, кээде кыз-келиндер килем токууну үйрөнүп кетишет.

«Жаңы килем токуп баштаган жаштар ал толугу менен бүтүп, кооз көрүнгөндө андан бетер кызыгуулары артат. Кээ бир кыз-келиндер да жумушсуз отургандан көрө килем токуп, акча табуу аракетин көрүшөт. Кээде буйрутмалар болгондо чогуу токуп, түшкөн кирешени да чогуу бөлүшөбүз», - деди ал.

Сайдагүл апа 7 баланы тарбиялап чоңойткон.

2017-жылдагы видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×