Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.07.2018 09:02

Айыл турмушу: Лейлектик И.Бөрүбаев балыктын 3 түрүн багып, жылына 2 тоннадан сатууну пландап жатат (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Чоюнчу айылынын тургуну Икрам Бөрүбаев балык чарбасын иштетип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, учурда суу көлмөлөргө балыктын 6 миңге жакын чабактары ташталып, багылууда.

«Балыктарды Өзгөн шаарынан алып келдим. Балыктын карп, беломор, толстолобик деген 3 түрүн багып жатам. Балык чарбасы ачылары менен 9 адам жумуш менен камсыздалды. Балыктарга жем катары жүгөрү, буудай, арпаны тегирменден тарттырып, майдалап беребиз. Күнүнө 15 кг тегерегиндеги жем керектелет. Буйруса кийинки жылдан сатыкка чыгарабыз. 1 кг балык 300 сомдон сатылат», - деди ал.

Балык чарбасынын жалпы сметалык баасы 437 миң сомду түзүп, Евробиримдиктин уюму тарабынан каржыланган. Аталган чарбадан жылына 2 тонна балык өндүрүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×