Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Баткен облусуКадамжай району 23.07.2018 09:28

Айыл турмушу: Кадамжайлык И.Бакиров аары багып, жылына 10 тонна бал сатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Жийделик айылынын 53 жаштагы тургуну Имамедин Бакиров аарыларды багып, жылына 10 тоннага чейин бал сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аарыларды багып жатканына 30 жылдан ашты.

«1983-жылдардан бери аары багам. Башта аз эле болчу. Акыркы 2-3 жыл аралыгында санын көбөйттүм. Азыр 160 бал челек бар. Аба ырайы жаан-чачындуу болсо бал аз болот. Күн жылуу болсо балды көп алабыз», - деди ал.

Балчы бал челектерин атайын тоо бооруна жайгаштырган.

«Анткени бул жакта аарыларга шарт бар. Гүлдөрдүн түрү көп жана күн аптаптуу болот. Айылдан келип карап кетебиз. Бул жерде аарынын карпат жана карника деген түрү бар. Алардын эркек аарылары иштебей, даяр балды жешет. Ал эми жумушчу аарылар — бул ургаачы аарылар. Жакшы бал алган учурда ар үй-бүлө 40 литрге чейин берет. Аз дегенде 5 литр болот. Бал алуучу кардарлар көп. Базарга алып чыкпайбыз деле. Атайын үйүбүздөн келип алып кетишет. Өткөн жылы балдын 1 литрин 400 сомдон сатканбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×