Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуМосква району 12.07.2018 17:14

Айыл турмушу: Обон жаратып, комуз чапкан маданият кызматкеринин элеттеги жашоосу (фото)

Turmush -  Бүткүл жашоосун музыка дүйнөсүнө байлаган комузчу, кол өнөрчү, көп кырдуу талант ээси 58 жаштагы Санжыбек Молдошерипов Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Өмүрлүк жубайы Гүлмира жатак-мектепте, өзү М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектепте эмгектенет. Алар 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүшүп, 15 неберенин сүйүктүү чоң ата-апасы. Өзгөчө эң кичүү кызы Адина менен сыймыктанышат. Ал учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин 3-курсунда окуйт.

Санжыбектин мүнөзү ачык-айрым. Ички сырын, кубаныч менен кусалыгын жамгырдай төгүп таштайт да, сөзү түгөнүп, ойго чөмүлүп кетет. Ак сөз. Жасаган комуздары, аса таягы, кыл кыягы, добулбасы өзгөчө. Карап туруп «Баракелде!» дейсиң. Өз колунан жасалган аспаптарда кол ойнотуп, обон созгонучу. Табият тартуулаган талант. Жараткан жолдогон тубаса жөндөм-шык. Тынымсыз эмгектен бүткөн —изденүү. Ушул талант, жөндөм-шык, изденүүгө ширелген комузчу, кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кол өнөрчүлүктө такай алектенгениме 35 жылдан ашты. Үйдө өзүмчө бөлмөм, өнөрканам бар. Аны тамашалап “Атабыздын ак үйү” дешет. Бөтөн адамдар кирбейт да. Менин ийгилигим, кемчилдигим, сырым, ырым, “чырым” баары ошонун ичинде... Комуз чабуу, жасоо, күүгө келтирүү, чертүү, коштоп обон созуу балалыгымдан башталган. Таятам Дүйшө, түп таякем Ороктон калган өнөр. Алар комуз жасап, күү черткенде ыргагын көңүлгө илип, ыкмаларын жүрөгүмө түйүп алчумун. Эсимде, 2-класста жасаган тик учактын макети 9-класста да мектепте мугалимдердин бөлмөсүндө турган», – деди ал.

Анын айтымында, кезегинде белгилүү инсан Нурак Абдыракманов менен бирге иштегендигине сыймыктанат.

«Байтик айылындагы маданият үйүндө мен башчы, Нурак агай көркөм жетекчи. Анда “Мурас” фольклордук-этнографиялык ансамблди түзгөнбүз. Республикалык “Кубулчу менин ырларым” аттуу фестиваль жүрүп жаткан. Кезек бизге келгенде катышуучуларга комузубуз жетишпей калып, комузчу Кенжебек Садырбаевдин комузун сурасак “берилбейт, бош эмес” дегени көңүлгө катуу тийген. Намысыма чыдабай, комуз жасоого киришкем. Эң алгачкы жасаган комузумду Нурак агай көрүп, жетине албай, “Санжы, сенде көп талант бар. Өнүктүр, эртең кеч болуп калат” деген. Андагы жасаган комузум Москвада да күүсүн жаңыртты го», – деди ал.

Тыным албаган кол өнөрчү кээде айыл аралап куураган карагайды, өрүктү издейт. Өзгөчө өрүк комузду көп даярдайт. Болжолу миңден ашык комуз чаап, күүгө салган. Кардарларга кал тагып, күүсүн келтирип туруп сатат. Түшкөн кирешеге материал топтойт. Өзү менен өзү алек. Ышкы оту жанганда обон жаратып алып, ылайыктуу текст, көңүлүндөгү ыр саптарын таппай убара. Өзү да жазып көрөт. Эртеси жакпай калып барактарын ыргытат. Ошондой... Кыялына ыр сабы төп келбейт. Акындардын китептеринен издейт. Обону төп келбейт. Жазат, ыргытат, издейт, жакпайт. Кайрадан ошол адат... «Ак үйүндө» так теке ойнотуп, сыртта капастагы бөдөнөлөрүнө күү чертип берет. Алар да көнүп калыптыр. Күүнүн добушу менен жем жешет, канаттарын кагып да коет. Кандай жумуш аткарбасын ойлуу. Ою — бийикте. Бийиктиги — көкүрөккө төш белги такпаса да, I-II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда атайын чакырылып, комуз күүлөп, так теке ойноткону болду. Быйылкы көчмөндөр оюнунда текесине эчкисин да кошууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×