Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 11.07.2018 10:05 На русском

Казакстандан Баткенге конокко келген аял мончодо каза болду

Turmush -  Кечээ, 10-июлда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында улгайган аял мончодо газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя шаардын Пионер көчөсүндө болгон. Казакстанда жашаган 71 жаштагы П.А. аттуу аял Кызыл-Кыяга туугандарынын үйүнө конокко келген болчу. 10-июлда туугандары мончо жагууну чечишкен. Аял мончого саат 17:30 чамасында кирип, түтөп жаткан көмүр кычкыл газына ууланып мерт болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×