Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусуБаткен району 10.07.2018 12:50

Кадамжайдагы Исфайрам дарыясына 10 күндө 4 адам чөгүп каза болду

Turmush -  Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына 10 күндө 4 адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу 8-июлда Баткен облусунун жетекчилигинин көчмө жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 8-июль күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Золотой мост аймагында Исфайрам дарыясынын жээгиндеги кум-шагыл алынгандан кийин суу топтолгон жерге Кадамжай районунун Марказ айылынын 1971-жылы туулган тургуну С.Ысмайыл чөгүп кеткен. Анын денеси саат 21:21 чамасында табылган. Ушул эле сууга 1-июль күнү 2000-жылы туулган Р.Бостонов менен 2002-жылы туулган иниси Р.Бостонов чөгүп кетишкен. 17 жаштагы С.Абдуллаеванын да жансыз денеси 4-июль күнү ушул жайдан табылган.

Көчмө жыйында облус жетекчиси А.Халмурзаев 4 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча тийиштүү чараларды убагында жүргүзбөгөн жетекчилердин ишин сынга алды. Ошондой эле кум-шагыл алуу үчүн карьер казып, бирок адамдардын коопсуздугун эске албаган ишкерге да чара көрүүнү укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×