Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Элдик уламыш: Баткендин Зардалысында 600 жыл мурда чыккан алмурут азыр да өсүп турат

Turmush -  Баткен районунун Зардалы айылында 6 кылым мурда чыккан алмурут дарагы азыркыга чейин өсүп турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына элеттиктер маалымдады.

Айлдын тургуну Жакып Сүйүновдун айтымында, 600 жылдан ашуун убакыттан бери өсүп турган алмуруттун түшүмү, айылдыктардын бардыгына жетчү. Ага 3 кишинин кулачы тең келет.

«Атам бул алмурут дарагын 600 жылдан ашуун убакыттан бери бар экенин айтчу. Анткени биздин ата-бабаларыбыз 600 жыл мурда келишкен. Алар келгенге чейин бул дарак болгон экен. Биз жаш кезибизде бул дарактын мөмөсүн жеп чоңойгонбуз. Тонналап түшүм байлап, айылдын барына жетчү. Даракттын шактары 6-7 сотых жерди ээлечү. Азыр кичирейип кетти. Бул дарактан сырткары өрүк жана чынар терек да бар. Биздин аймакта дарактар көп жыл өсөт», - деди ал.

Жергиликтүү кооперативдердин биринин жетекчиси Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, Баткендин Зардалы аймагында кылым карыткан дарактар көп.

«Бул жерде 14-кылымдагы сакы уруулары келип байырлаган. Бул ошолордун убагында болгон. Ага чейин да бар беле жокпу эч ким билбейт. Бул өрүк, алмуруттан сырткары 400, 500 жылдык дарактар да бар. Негизи бул жердин абасы, суусу таза. Экологиясы таза болгондуктан бул көп жылдык дарактар кадимкидей мөмө беришет», - деди Төлөмүшев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 757
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×