Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 09.07.2018 13:27 На русском

Баткендеги өрт: Өрт чыккан кампа Аскар Шадиевдин апасын таандык болгон (видео)

Turmush -  4-июлда Лейлек районунун Жаштык айылында май куюучу жайдын өрттөнүп жарылышына себеп болгон жүк сактоочу кампа мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин апасы Айсана Шадиевага таандык. Бул тууралуу Лейлек РИИБден билдиришти

Маалыматка караганда, кампада ар кандай товарлар сакталган. Андан чыккан өрт май куюучу жайга өтүп, анын кесепетинен ал жерге бир топ зыян келтирилген.

«4-июль күнү болгон өрт Лейлек районунун Жаштык айылындагы жүк сактоочу жайдан чыккан. Өрт күчөп, жанындагы «Жаштык» май куюучу бекетине да өтүп, ал жер жарылган. Ал кампа мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын аныктоодобуз. Ал жер Айсана Шадиевага таандык кампа болгон. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Өрт коопсуздугун бузуу) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат», - деди Лейлек РИИБдин тергөө кызматынын башчысы Нургазы Эркебаев.

Окуя тууралуу:

4-июлда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө май куюучу жайдан өрт чыкканы маалым болгон.

Маалыматка караганда, май куюучу жай Худжант–Канибадам унаа жолунун жээгинде, Жаштык айылына жакын аймакта (кыргыз-тажик чек арасы) жайгашкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт «Достук» май куюучу жайынан чыккан.

Окуя болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын өрт өчүрүү кызматы, эки өлкөнүн укук коргоо органдары, тез жардам бригадасы иштеген. Кырсык катталган аймакка Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов да барган.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 22:40та чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 өрт өчүрүү бөлүмү, Тажикстан Республикасынын жакын жайгашкан райондорунан 3 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылып, мындан сырткары ӨКМдин Лейлек райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы иштеген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт учурунда 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, экинчи станциянын кеңсеси күйүп кеткен. Ошондой эле тажикстандык жаран жабыркаган. Жабыркаган жаранды Тажикстандын медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кетишкен.

(Май куюучу жай жарылган учур)

Андан кийин:

Май куюучу жайдан чыккан ири өрттүн кесепетинен бир нече имарат, транспорт каражаттары күйүп, окуя болгон жердеги адамдар жабыркагандыгы кабарланган.

ӨКМ 5-июлда билдиргендей, өрт саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 май куюучу станция толугу менен өрттөнүп, экинчи станциянын кеңсеси, 5 жүк ташуучу унаа, 2 газ ташыган унаа, 2 кичи автобус, 1 жеңил унаа күйгөн.

Мындан тышкары өрттөн 4 адам (1 кыргызстандык, 3 тажикстандык жаран) жабыркады. Жабырлануучу – Кара-Балта шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Б.Т. (айдоочу) Кулунду айылындагы жалпы практикалык дарыгерлердин борборуна жаткырылды. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин бетинен жана эки колунун манжаларынан күйүк алганы аныкталды. Ал эми тажикстандык жарандар өз өлкөсүндөгү ооруканага жеткирилген.

Облус жетекчилигинин маалыматы:

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү май куюучу жайдан чыккан ири өрт техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганынан чыгышы мүмкүн экендигин билдирген.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал жерде өрт техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

«Ал жерде учкун чыгып, күндүн ысыгынан өрт чыгып кеткен деп болжолдонууда. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 22:45те өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, бензин ташыган 5 фура, газ ташыган 2 фура күйүп кеткен. Учурда тийиштүү кызматтардан комиссия түзүлүп, өрттүн себеби аныкталууда», - деген Бердигулова.

Айтылбай калган жагдайлар:

Окуянын күбөлөрү май куюучу жайдан чыккан ири өрттөн унааларга, жыгачтарга кошо малдын терилери да күйгөндүгүн айтып беришкен.

ӨКМ бүгүн, 5-июлда билдиргендей, өрт саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 май куюучу станция толугу менен өрттөнүп, экинчи станциянын кеңсеси, жүк ташуучу 5 унаа, газ ташыган 2 унаа, 2 кичи автобус, 1 жеңил унаа күйгөн. Мындан тышкары өрттөн 4 адам (1 кыргызстандык, 3 тажикстандык жаран) жабыркады.

Кырсык болгон жерде жүргөн аймактык кабарчынын айтымында, Тажикстан менен чектешкен Лейлектин Бешкент айыл аймагында жолдун боюнда эле ондон ашуун май куюучу жай бар. Өрттөнгөн май куюучу жайга жакын жайгашкан май куюучу 2 бекетке да зыян жеткен. Өрттөн бул жайда курулушка иштетилүүчү жыгачтар, бир контейнерде толо малдын терилери да жатат.

Ал эми кырсыкка күбө болгон Тынарбек Нурматов олуттуу деле зыян болгон жок деп ишендирүүдө.

«Газ күйүп кеткен. Жабыркаган адамдар жок. Өрт болуп жатканда биз жетип келдик. 2 унаанын ортосунда өрт тутанган. Товар өтпөй, айдоочулары жок болгон үчүн унааларды сактап кала албай калышты. Күйгөн унааларда сатылбай турган жыгачтар болгон. Баалуу эч нерсе деле жок», - деди Нурматов.

Айрым интернет колдонуучулар бул жайда аткезчилик менен ташылган майлар болушу мүмкүндүгүн да болжолдошкон.

Мамэкотехинспекция эмне дейт?

Сүлүктү, Баткен шаардык жана Баткен, Лейлек райондор аралык техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиев күйгөн май куюучу жайдын ээси эми аныктала турганын билдирген.

«Тажикстандын тургуну өзүнүн газ ташыган унаасы менен келип, газ ташыган кыргызстандык ишкердин унаасынан газ алып жаткан. Ошол убакта техникалык жактан коопсуздукту сактабагандыктан кырсык келип чыккан. Атайын газ куюучу жайдан куюшкан эмес. Бул жерде аралаш товарлар сатылып жүргөнүн эми билдик. Бул мыйзамсыз. Буга чейин май куюучу жайлардын сыртынан эле көрүп өтчүбүз. Май куюучу жайларда техникалык коопсуздук сакталган», - деген Сейдалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×