Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 05.07.2018 18:03

Баткенде Кытай берген акчага 46 км узундуктагы канал курулмак болууда

Turmush -  Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү үчүн узундугу 46 км болгон каналдын курулушу башталууда. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, канал Кытайдын кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 млн сом каражатына курулат. Алгач 12 км узундуктагы мурдагы канал оңдоп-түзөөдөн өтүп, 4 км магистралдык канал, 30 км чарбалык кичи каналдар курулат.

Кытайлыктардын айтымында, 3 жылдык мөөнөттө аткарылуучу бул жумушка 80% жергиликтүү тургундар тартылып, жөнөкөй жумушчулар 15 миң сомго, айдоочулар 28 миң сомго чейин маяна менен камсыз болот. Курулуш аяктаса учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан каналдын сыйымдуулугу 4,5 кубга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×