Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 05.07.2018 16:26 На русском

Видео — Кыргыз-тажик чек арасындагы өрт: Айтылбай калган жагдайлар жана күйгөн терилер

Turmush -  Кечээ, 4-июлда Лейлек районунун Жаштык айылында май куюучу жайдан чыккан ири өрттөн унааларга, жыгачтарга кошо малдын терилери да күйдү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

ӨКМ бүгүн, 5-июлда билдиргендей, өрт саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 май куюучу станция толугу менен өрттөнүп, экинчи станциянын кеңсеси, жүк ташуучу 5 унаа, газ ташыган 2 унаа, 2 кичи автобус, 1 жеңил унаа күйгөн. Мындан тышкары өрттөн 4 адам (1 кыргызстандык, 3 тажикстандык жаран) жабыркады.

Кырсык болгон жерде жүргөн аймактык кабарчынын айтымында, Тажикстан менен чектешкен Лейлектин Бешкент айыл аймагында жолдун боюнда эле ондон ашуун май куюучу жай бар. Өрттөнгөн май куюучу жайга жакын жайгашкан май куюучу 2 бекетке да зыян жеткен. Өрттөн бул жайда курулушка иштетилүүчү жыгачтар, бир контейнерде толо малдын терилери да жатат.

Ал эми кырсыкка күбө болгон Тынарбек Нурматов олуттуу деле зыян болгон жок деп ишендирүүдө.

«Газ күйүп кеткен. Жабыркаган адамдар жок. Өрт болуп жатканда биз жетип келдик. 2 унаанын ортосунда өрт тутанган. Товар өтпөй, айдоочулары жок болгон үчүн унааларды сактап кала албай калышты. Күйгөн унааларда сатылбай турган жыгачтар болгон. Баалуу эч нерсе деле жок», - деди Нурматов.

Айрым интернет колдонуучулар бул жайда аткезчилик менен ташылган майлар болушу мүмкүндүгүн да болжолдошкон.

Сүлүктү, Баткен шаардык жана Баткен, Лейлек райондор аралык техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиев күйгөн май куюучу жайдын ээси эми аныктала турганын билдирди

«Тажикстандын тургуну өзүнүн газ ташыган унаасы менен келип, газ ташыган кыргызстандык ишкердин унаасынан газ алып жаткан. Ошол убакта техникалык жактан коопсуздукту сактабагандыктан кырсык келип чыккан. Атайын газ куюучу жайдан куюшкан эмес. Бул жерде аралаш товарлар сатылып жүргөнүн эми билдик. Бул мыйзамсыз. Буга чейин май куюучу жайлардын сыртынан эле көрүп өтчүбүз. Май куюучу жайларда техникалык коопсуздук сакталган», - деди Сейдалиев.

Буга чейин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө май куюучу жайдан өрт чыкканы маалымдалган.

Маалым болгондой, май куюучу жай Худжант–Канибадам унаа жолунун жээгинде, Жаштык айылына жакын аймакта (кыргыз-тажик чек арасы) жайгашкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт «Достук» май куюучу жайынан чыккан.

Окуя болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын өрт өчүрүү кызматы, эки өлкөнүн укук коргоо органдары, тез жардам бригадасы иштеди. Кырсык катталган аймакка Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов барган.

Жарылуу учуру

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 22:40та чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 өрт өчүрүү бөлүмү, Тажикстан Республикасынын жакын жайгашкан райондорунан 3 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ӨКМдин Лейлек райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы да барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт учурунда 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, экинчи станциянын кеңсеси күйүп кеткен. Ошондой эле тажикстандык жаран жабыркаган. Жабыркаган жаранды Тажикстандын медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кетишкен.

Баткен облусунун жетекчиси аталган кырсык өрттөн сактануу эрежелери сакталбагындыктан чыгышы мүмкүн экендигин билдирген.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал жерде өрт техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

«Ал жерде учкун чыгып, күндүн ысыгынан өрт чыгып кеткен деп болжолдонууда. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 22:45те өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, бензин ташыган 5 фура, газ ташыган 2 фура күйүп кеткен. Учурда тийиштүү кызматтардан комиссия түзүлүп, өрттүн себеби аныкталууда», - деп айтылган маалыматта.

Бүгүн, 5-июлда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кырсык болгон жерден жана Тажикстандын Гафуров районундагы ооруканада жаткандардан кабар алышты. Ооруканага аталган өрттөн жабыр тарткан 4 адам жеткирилген. Алардын колдору, буттары жана жондору күйгөн. Үчөө Тажикстандын, бирөө Кыргызстандын жараны. Тажикстандык 2 жаранга тез жардам көрсөтүлүп, алар үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда ооруканада Кара-Балта шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Токтоназар Балтабаев дарыланып жатат.

Өрттүн кесепетинен май куюучу жай толугу менен күйүп, май куюучу жайдын кеңсеси, газ жана бензин ташыган 7 чоң унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйүп кеткен. Учурда өрттүн кесепеттери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×