Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 05.07.2018 11:50

Лейлекте май куюучу жай, унаалар күйүп кеткен өрттөн жабыркагандар ооруканада дарыланууда (видео)

Turmush -  Кечээ, 4-июлда Лейлек районунун Жаштык айылында май куюучу жайдан чыккан ири өрт техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганынан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, ал жерде өрт техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

«Ал жерде учкун чыгып, күндүн ысыгынан өрт чыгып кеткен деп болжолдонууда. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 22:45те өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, бензин ташыган 5 фура, газ ташыган 2 фура күйүп кеткен. Учурда тийиштүү кызматтардан комиссия түзүлүп, өрттүн себеби аныкталууда», - деди Бердигулова.

Өрт чыккан учур

Бүгүн, 5-июлда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кырсык болгон жерден жана Тажикстандын Гафуров районундагы ооруканада жаткандардан кабар алышты. Ооруканага аталган өрттөн жабыр тарткан 4 адам жеткирилген. Алардын колдору, буттары жана жондору күйгөн. Үчөө Тажикстандын, бирөө Кыргызстандын жараны. Тажикстандык 2 жаранга тез жардам көрсөтүлүп, алар үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда ооруканада Кара-Балта шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Токтоназар Балтабаев дарыланып жатат.

Өрттүн кесепетинен май куюучу жай толугу менен күйүп, май куюучу жайдын кеңсеси, газ жана бензин ташыган 7 чоң унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйүп кеткен. Учурда өрттүн кесепеттери такталууда.

Буга чейин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө май куюучу жайдан өрт чыкканы маалымдалган.

Маалым болгондой, май куюучу жай Худжант–Канибадам унаа жолунун жээгинде, Жаштык айылына жакын аймакта (кыргыз-тажик чек арасы) жайгашкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт «Достук» май куюучу жайынан чыккан.

Окуя болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын өрт өчүрүү кызматы, эки өлкөнүн укук коргоо органдары, тез жардам бригадасы иштеди. Кырсык катталган аймакка Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов барган.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 22:40та чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 өрт өчүрүү бөлүмү, Тажикстан Республикасынын жакын жайгашкан райондорунан 3 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ӨКМдин Лейлек райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы да барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт учурунда 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, экинчи станциянын кеңсеси күйүп кеткен. Ошондой эле тажикстандык жаран жабыркаган. Жабыркаган жаранды Тажикстандын медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×